Кыргызстанда бир жумада 23,2 миңден ашуун айдоочу жол эрежесин бузган

15-21-январь аралыгында Кыргызстандын аймагында 23 миң 240 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

— тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-251;
— мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -333;
— авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-49;
— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1 281;
— транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 648;
— авто ээнбаштык — 12;
— белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3 405;
— жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 1;
— башка жол эрежелерин бузуу фактылары –14260;

 

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1210 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.