Кыргызстанда жыл сайын “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынактары өткөрүлөт. Ага предметтик мугалимдер, башталгыч класстардын педагогдору, тарбиячылар, методисттер жана музыкалык жетекчилер катыша алышат.
Жеңүүчүлөргө сыйлыктар 5-октябрь Эл аралык мугалимдер күнүндө тапшырылат. Сыйлыкты бир эле адамга кайра-кайра ыйгарууга жол берилбейт.
Мелдештерди өткөрүүгө кеткен бардык чыгымдар мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылат.