Кыргызстандын калкы 71 пайызга көбөйүшү мүмкүн

2100-жылга карата Кыргызстандын калкы 71 пайызга көбөйүшү керек. Мындай божомолдорду Бириккен Улуттар Уюмунун аналитиктери дүйнө өлкөлөрүндөгү калктын санынын өзгөрүшү боюнча баяндамасында жарыялашты.

 

Постсоветтик өлкөлөр ичинен Тажикстан калктын санынын өсүшү боюнча лидер болушу күтүлүүдө, ал жакта тургундардын саны жакынкы 79 жылда 172 пайызга өсөт.

 

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, ушул жылдын 1-январына карата Кыргызстандын калкынын саны 7 миллион адамды түздү.