Мындан ары Эсеп палатасы укук коргоо органдарынын талабы боюнча ишкерлерди текшере албайт.
Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, пландан тышкаркы
текшерүүлөр президент, өкмөт жана Жогорку Кеңештин тапшырмасы менен жүргүзүлөт.
Бул боюнча мыйзамга кол коюлду. Учурда ал боюнча нормативдик документтер даярдалып жатат.