Нарын облусундагы жолдорду оңдоону жыйынтыктоого 4 миллион сом багытталат.
Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, кеп, Ат-Башы районун борборундагы жана
Он-Арча – Жаңы-Талап – Ашырма трассасынын тилкеси тууралуу болуп жатат. Жол катмарын
калыбына келтирүү иштери Бишкек – Нарын – Торугарт жолун курууда үнөмдөлгөн каражаттын
эсебинен жүргүзүлөт. Жумуштарды быйыл июнь айына чейин аяктоо пландалууда