Накталай эмес сатуулардагы нөлдүк ставкаларды 2024-жылга чейин узартуу сунушталды

Накталай эмес сатуулардагы нөлдүк ставкаларды 2024-жылга чейин узартуу сунушталды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Ысабеков билдирди.

 

Анын айтымында, жеңилдетилген мөөнөт кийинки жылы аяктайт. Буга чейин аны узартуу боюнча суранычтар менен кичи жана орто бизнес өкүлдөрү кайрылган.

 

Учурда бийлик бул мүмкүнчүлүктү караштырып жатат. Андан тышкары, кассалык-көзөмөл аппараттарын колдонгон жана электрондук эсеп-дүмүрчөктөрдү берген соодагерлерге бирдиктүү салык ставкалары өмүр бою төмөндөтүлөт.