Каракол шаарында таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат

Каракол шаарында таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат. Калаа мэриясынан билдиришкендей, курулуш иштери боюнча белоруссиялык компания менен келишим жетишилди.

 

Бул максатта мамлекеттик бюджеттен 135 миллион сом бөлүнгөн. Курулуш кийинки айда старт алса, декабрда ишкана ачылып калат деп пландалууда. Заводдо 50 жаңы жумуш орду түзүлөт.