Энергокомпанияларга авариялык өчүрүүлөрдү болтурбоо боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.
Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Талайбек Байгазиевдин айтымында, күз-кыш мезгилине даярдык боюнча бардык оңдоо иштери жакын арада бүтүшү керек.
Мындан тышкары, каражаттын пайдаланылышына жана аткарылган иштердин сапатына талдоо жүргүзүлөт.
Эгер карама-каршылыктар аныкталса, компаниянын жетекчилерине кызматтан бошотууга чейинки чаралар көрүлөт, — деди чиновник.