Нарын облусунун Миң-Булак айылында кирпич чыгаруучу завод курулууда

Нарын облусунун Миң-Булак айылында кирпич чыгаруучу завод курулууда. Президенттин аталган аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ишкананын алдына 5 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.

 

Завод үстүбүздөгү жылдын август айында ишке кирет. Анда 60тай адам иш менен камсыз болуп, суткасына 30 миңге чейин бышырылган кыш чыгарылат деп күтүлүүдө.