«Нарын» ресторанынын ордуна көп тармактуу борбор курулат

«Нарын» ресторанынын ордуна көп тармактуу борбор курулат.

Бул тууралуу ордо калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирет.

Анын айтымында,  аянтта мейманкана, соода борбору жана кеңселер пайда болот.

Учурда объектилердин долбоорун түзүү жумуштары жүрүп жатат. Эске салсак,

“Нарын” рестораны 2017-жылы түрттүрүлгөн. Ал жерге кытайлык инвесторлор

20 кабаттуу мейманкана курууну пландаган. Бирок иштерди жүргүзүүгө

уруксаат берилген эмес. Ошол убактан бери маселе чечилбей келген.