Кыргызстанда 20 стационар курулат

Кыргызстанда 20 стационар курулат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам жана дары саясаты башкармалыгынын начальниги Нургүл Ибраева билдирди.

 

Анын айтымында, жаңы ооруканаларды курууда аймактардагы калктын саны эске алынат. Долбоор иштелип чыгып, министрлер кабинетине тапшырылды.