Назым Нурланов Бүткүл дүйнөлүк оюндарда күмүш медаль алды

Кыргызстандын каратэ боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Назым Нурланов Эр-Рияд шаарында (Сауд Аравия) өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда күмүш медаль тагынды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу мелдешке 75 кг чейинки салмакта катышкан.

 

Аталган оюндарга учурда Кыргызстандын каратэ, самбо, грепплинг жана жиу-житсу боюнча спортчулары күч сынап жатат. Буга чейин самбо боюнча курама команда үч коло медалга ээ болгон.

 

20-октябрда башталган мелдештер 30-октябрь күнү жыйынтыкталат.