Кипрдин тургуну бокал менен бийлеп, Гиннесстин рекорддор китебине кирди

Кипрдин тургуну башына 319 бокал тизип бийлеп, Гиннесстин рекорддор китебине кирди. 62 жаштагы Аристотелис Валаоритис 1995-жылдан бери салттуу искусство болгон айнек менен бийлеп, машыгып келген.

 

Тогуз катар тизилген жана жалпы салмагы 30 килограммга жакын 319 бокалды башына кармоо үчүн адам алгач атайын көнүгүүлөрдү жасап, мойнун машыктырган.

 

Аристотелис айнек конструкцияны башына 20 секунддай кармап турган, бул рекордсмен болуу үчүн минималдуу нормадан эки эсе көп.