Ноокат районунда кирпич заводу ачылды

Ноокат районунда кирпич заводу ачылды. Novosti.kgге райондун акими Данир Иманалиев билдиргендей, ишканага 13 миллион сом сарпталды.

 

Бул жерде жумасына 140 миң бышкан кирпич чыгарылат.

 

Заводдо 40ка чукул киши жумуш менен камсыз болду. Белгилеп кетсек, ишкананын курулушу эки жыл мурун жеке ишкер тарабынан башталган.