Кыргызстандагы мектептердин курулушун каржылап жаткан Сауд өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү быйыл жыйынтыкталат

Кыргызстандагы мектептердин курулушун каржылап жаткан Сауд өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү быйыл жыйынтыкталат.

 

Мамлекеттик ахритектура жана курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, аталган фонддун эсебинен сентябрга чейин 20га жакын мектеп пайдаланууга берилет.

 

Эске салсак, чет элдик фонд менен мектеп куруу боюнча мамлекеттер аралык келишимге 2017-жылы кол коюлуп, жалпысынан 30 мектеп курулмай болгон.

 

Бүгүнкү күндө анын 11и пайалануга берилди. Фонд Кыргызстанда мектеп курууга 25 жылга жылдык 1 пайыз менен 30 миллион доллар насыя берген.