Олимпиада оюндарына баргандардан коронавирус илдети аныкталууда

Пекин Олимпиадасынын уюштуруучулары 4-январдан 22-январга чейин Кытайга келген 2 миң 586 адамдын ичинен 72 адамдан коронавирус илдетин аныкташты. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

 

Маалыматка ылайык, 72 адамдын 39у аэропортто тестирлөө учурунда, 33ү коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында оюндардын катышуучулары үчүн түзүлгөн лагердин ичинен табылган. Учурда Кытайга барган спортчулар күн сайын тесттен өтүшүүдө.

Олимпиада оюндарынын бардык катышуучулары Кытайга баргандан кийин 96 сааттын ичинде ПЦР-тестинин эки терс жыйынтыгын көрсөтүшү керек жана алардын көпчүлүгү атайын уюштурулган чартердик каттамдар менен учушат.

 

Буга чейин Пекинде өтө турган кышкы Олимпиада көрүүчүлөрсүз өтө тургандыгы кабарланган.

Эскерте кетсек, XXIV кышкы Олимпиада оюндары Пекинде 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралга чейин өтөрү маалым болгон. Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан азырынча бир гана спортчу жолдомо уткан. Буга чейин АКШ, Жаңы Зеландиянын жана башка өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү Олимпиадага баруудан баш тартышканы маалым болгон.