Чет элдик мигранттарга 16 миңден ашуун квота бөлүндү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-январда Кыргызстанга сырттан келе турган мигранттарга бөлүнчү квотага байланыштуу буйрукка кол койду.

Бул тууралуу улуттук «Кабар» агенттиги маалымдады. Буйрукка ылайык, быйыл чет элдик мигранттарга 16,6 миң орун берилет.

Чет жактан келчү эмгек мигранттарына эң көп муктаждык баш калаа Бишкекте болуп, жалпы 7850 орунду түздү, экинчи орунда 3400 орун менен Жалал-Абад облусу турат.

 

Кыргызстанга акыркы жылдары коңшу Тажикстан, Өзбекстандан эмгек мигранттары келип, айыл чарба, курулуш жана тейлөө тармактарында иштеп жатышат. Алардын расмий саны тактала элек.

 

Мындан тышкары Түркия, Жакынкы Чыгыштын айрым өлкөлөрүнөн келген мигранттар бар. Эмгек квоталары жарандыгы аныкталбаган адамдар үчүн да берилери өкмөттүн буйругунда белгиленген.