Олимпиадага жолдомо уткан эки кыргыз балбан кыз Азия чемпиондугунун финалына чыкты

15-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери өтүүдө. Бүгүнкү беттеште кыз-келиндер боюнча курама командалар ат салышууда.

 

Турнирге 68 килограмм салмакта катышкан Мээрим Жуманазарова жарым финалга чейин жетип, анда түштүк кореялык Ен Сун Жонг менен кез келип, атаандашынын үстүнөн таза жеңишке жетти. Эми финалда Жуманазарова монголиялык балбан кыз менен кез келет.

Ал эми Азия чемпиондугуна 76 килограмм салмакта катышкан Айпери Медет кызы жарым финалда түштүк кореялык Сейун Жаонг менен кез келип, атаандашын 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыкты.

 

Ал эми 59 килограмм салмакта килемге чыккан Нураида Анаркулова жарым финалда атаандашына жеңилип калды. Бирок кыргыз балбан кызы коло байге үчүн күрөшөт.

Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы ушул эле шаарда 9-11-апрель күндөрү өткөн лицензиялык турнирде Олимпиадага жолдомо уткан.