Ооруканаларда кошумча 3 миң 500 орун даярдалат

Кыргызстандын Өкмөтүнүн биринчи вице премьер-министри Артем Новиков 20-февралда коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб менен жыйын өткөрүп, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды кылдат көзөмөлгө алуу боюнча бир нече тапшырмаларды берди.

 

Ал дарыканаларда керектүү дары-дармектердин баасын катуу көзөмөлдөп, аймактарды зарыл болгон дарылар менен камсыздоо керектигин белгиледи. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бир жуманын ичинде чукул план иштеп чыгып, бир нече күндүн ичинде дарылардын жетишсиздиги, ооруканадагы орундарды даярдоо жана кошумча медициналык кызматкерлерди жумушка тартуу зарылдыгы айтылды.

 

Ооруканаларда планга ылайык дагы 3500 кошумча керебет коюлуп, 500 реанимациялык орун даярдоо каралууда.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 21-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан алты адам каза болду​. 54 кишиге вирус жукканы маалым болду.