Эксперттер аскер куралдарын өндүрүү боюнча дүйнөнүн лидерлерин аташты

Эксперттер аскер куралдарын өндүрүү боюнча дүйнөнүн лидерлерин аташты. Биринчи орунда АКШ турат. Америкалык курал-жарак Түштүк Кореяга, Австралияга, Пакистанга, Сингапурга жана Бириккен Арам Эмирликтерине экспорттолот.

 

Экинчи орунда Кытай жайгашты. Бирок аталган өлкөнүн курал-жарагы боюнча так билдирүүлөр жок, анткени маалымат жашыруун. Лидерлердин үчилтигин Россия бекитет. Ал өндүргөн куралдар Индия, Алжир, Венесуэла жана Вьетнамга ташылат.