Кытайдан келген студенттер 10 күн ооруканада болушат

Кытайдан келген студенттер 10 күн ооруканада болушат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Андан белгилешкендей, коронавирустун инкубациондук мөөнөтү аяктаганга чейин алар дарыгерлердин байкоосунда болушу керек.

 

Эске салсак, кечээ Кыргызстанга Үрүмчүдөн 6 кыргызстанык студент келди. Аларды “Ак-Жол” чек ара бекетинен Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү тосуп алып, Ысык-Ата райондук ооруканасына жайгаштырышты.