Ордо калаада “Балалык” эс алуу багын куруу уланууда

Ордо калаада “Балалык” эс алуу багын куруу уланууда. Иштердин жүрүшү менен вице-мэр Уланбек Азыгалиев таанышты. Ал аткаруучу компаниянын шамчырактарды тротуарлардын ортосуна орнотуу чечимине нааразы болду.

 

Андыктан, чырактарды алып, аларды аллеянын четине гана орнотуу тапшырмасы берилди. Эске салсак, “Балалык” эс алуу багы Түштүк дарбазанын жанында орун алган. Анын курулушуна шаар бюджетинен 74,5 миллион сом бөлүнгөн.