Ордо калаада жаңы бейтапкана пайда болот. Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгы эки кабаттуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун курууга тендер жарыялады.
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, объект ордо калаанын түштүк бөлүгүндө жайгашат. Медициналык жайга 1 гектардан ашык жер тилкеси бөлүндү. Бейтапкананын сметалык наркы 110 миллион 840 миң сом.