Кыргызстанда 220 миңден ашык үй-бүлөгө социалдык паспорт берилди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, социалдык паспортто аз камсыз болгон үй-бүлөнүн курамы, бакубаттуулугунун деңгээли, үй-бүлөнүн социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүгү жөнүндө маалымат камтылат.
Анын негизинде социалдык колдоо чаралары иштелип чыгат.
Социалдык паспортту түзүүдө үй-бүлөнүн, майыптыгы бар жарандардын, анын ичинде балдардын, улгайган жарандардын жана калктын башка категорияларынын социалдык же гуманитарды жардамга муктаждыгы эске алынат.