Ош-Баткен-Раззаков унаа жолуна соккуга каршы буферлер орнотулууда

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолуна соккуга каршы буферлер орнотулууда. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда иштер жолдун 83, 124 жана 126-чакырымдарында жүрүп, атайын буферлер кооптуу тилкелерге коюлуп жатат.

 

Кум толтурулган челектин бийиктиги 80 сантиметр, диаметри 55 сантиметрди түзүп, салмагы 200 килограммга жетет.

 

Кырсык болгон учурда буферлер соккуга жана деформацияга туруштук бере алат, бул унааларга келтирилген зыянды азайтып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылат.