Бишкекте тез татымда уулангандардын саны 70тен ашты

Бишкекте тез татымда уулангандардын саны 70тен ашты. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Жалпысынан Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына 71 адам кайрылган, 36сы жаткырылды, алардын бешөөсү жаш балдар. Учурда алардын абалы канааттандыраарлык.

 

Эске салсак, уулангандар Бишкектеги Чүй жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги 2 тез татым жайында шаурма жешкен. Түйүндөргө 72 миң сом айып салынып, алар текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жойгонго чейин жабылды.