Салык декларациясын тапшырууга юридикалык жактарда 4 күн калды. Мамлекеттик салык кызматынан эске салышкандай, былтыркы жылдын кирешеси тууралуу отчетту кабыл алуу 1-мартта токтотулат.
Андыктан, 29-февралга чейин ведомство кызматтын өзгөчө режиминде иштеп, декларация түнкү саат 12ге чейин кабыл алынууда. Ал эми жеке адамдар отчетторун 1-апрелге чейин тапшырышы керек. Кеңири маалыматты “194” кыска номуру боюнча же www.sti.gov.kg сайтынан алса болот.