«Ош электр» ишканасынын мурдагы директору 1 миллион сом пара алууга шектелип кармалды.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынан билдиришкендей, жабык
акционердик коомунун өкүлү «Ош электр» ишканасына мурда жарыяланган тендерди утуп алып,
аткарган иши үчүн бериле турган 6 миллион сомду сурап кайрылган. Бирок ишкананын директору
өзүнүн жеке банктык эсебине бир миллион сом которушун талап кылган. Шектүү Бишкек
шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.