Панфилов районунда кыздарды уурдоо аракети көрүлгөн эмес

Панфилов районунда кыздарды уурдоо аракети көрүлгөн эмес. Буга Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан ишендиришүүдө. Милиция таркаткан видеодо, кыздардын ата-энеси сүйлөп, бул фактыны четке кагып жатат.

 

Эске салсак, Эркин-Сай айылында кара машине токтоп, андагы белгисиз адамдар окуучу кыздарды уурдоо аракетин көргөн видео социалдык тармактарда жайгаштырылган. Тартип сакчылар ыкчам операциялардын жүрүшүндө интернетке жалган маалымат тарап жатканын аныкташты.