Бишкекте соңку бир аптада жол эрежелери одоно бузулган 5 миң 500дөн ашык учур катталды

Бишкекте соңку бир аптада жол эрежелери одоно бузулган 5 миң 500дөн ашык учур катталды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

 

Рейд учурунда унааны мас абалында башкарган 44 айдоочу кармалса, 40тан ашуун кишиге машинени айдоочу күбөлүгү жок айдап жүргөнү үчүн айып салынды.

 

134ү көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашса, 408 айдоочу  транспортту тиешелүү каттоосу жок башкаргандыгы аныкталган. Жалпысынан 741 машина атайын токтотуучу жайга киргизилди.