Муфтият битир-садаганын баасын бекитти

Муфтият битир-садаганын баасын бекитти. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдриишкендей, быйылкы Орозо айында берилүүчү зекет  1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар.

 

Базар баасы менен алганда ар бир адамга 50 сомдон эсептелди. Буудайдан сырткары ун, мейиз, арпа, курма менен берсе болот. Мусулмандар битир-садаганы өз каалоосу менен мечиттерге бере алат.

 

Кошумчаласак, жыл сайын Орозо айында 30 миллион сомдой садага-битир жыйналат. Бул каражат муктаждарга жана диний керектөөлөргө сарпталат.