Ордо калаанын медицина мекемелеринде иштеген кызматкерлерге кошумча төлөмдөр толугу менен берилет

Ордо калаанын медицина мекемелеринде иштеген кызматкерлерге кошумча төлөмдөр толугу менен берилет.

Июль айында кызматкерлерге берилчү кошумча төлөмдүн суммасы 134 миллион сомду түздү. Буга катар

адистердин ушул айдагы маянасы 171 миллион 300 миң сом деп белгиленди. Бул тууралуу вице-мэр

Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында, коронавирус менен күрөшүп жаткан медицина

кызматкерлерине төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү документтин бары милдеттүү медициналык

камсыздоо фондуна тапшырылды. Андыктан акчалар жакында которула баштайт.