Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда сел жүрдү.
Кечээ катуу жааган жаандын кесепетинен Казарман айылында суу ташкындап
7 турак жайдын короолорун каптады. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар
министрлигинин Тогуз-Торо райондук куткаруучулары жана техникалары тартылды.
Учурда сел өтүүчү канал тазаланды. Иштер бүгүн да уланууда.