Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ташкентке келди

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) келди.

Мамлекет башчынын борту Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортко конду.

 

Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында мамлекет башчысы Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитинин ишине катышат.