Ош шаарындагы Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясына кошумча корпустун курулушу жакында аяктайт.
Билим берүү мекемеси 500 орунга чакталат. Түштүк калаа башчысынын милдетин аткаруучу
Алмаз Мамбетов 15-сентябрда окуучулар мектепте билим алышы керек деген талап койду.
Ал эми жашылдандыруу, айланасын көрктөндүрүү иштери октябрга чейин аякташы шарт.
Белгилеп кетсек, объектинин курулушу 2016-жылы башталып, ушул убакка чейин
жыйынтыктала элек. Курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланат.