БШК Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деген чечимин күчүндө калтырды

БШК Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деген чечимин күчүндө калтырды. Комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, шайлоо кампаниясы учурунда 400гө жакын мыйзам бузуулар боюнча билдирүүлөр келип түшкөн.

 

Эске салсак, өткөн жумада аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.

 

Эми президент Садыр Жапаров кайра шайлоону бекитиши керек. Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо 11-апрелде өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча, шаардык кеңешке алты партия шайланган.