Ош шаарынын тургуну ӨКМге 1 млн сомдук куткаруу шаймандарын тапшырды

Ош шаарынын тургуну Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 1 миллион сомдук куткаруу шаймандарын тапшырды.

Ведомстводон билдиришкендей, Шумкар Пазылов техниканы белек катары берди.

Заманбап шаймандар жогорку өндүрүмдүүлүгү, мобилдүүлүгү, жеңил салмагы жана ыңгайлуулугу менен куткаруучулардын иштерине чоң салым кошот деп күтүлүүдө.

Белгилеп кетсек, анын жарымы Баткен облусунун куткаруучуларына жиберилет.