Мектеп директорлорун тандоонун үчүнчү айлампасы жарыяланды

Мектеп директорлорун тандоонун үчүнчү айлампасы жарыяланды.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, сынакка катышуу үчүн талапкер документтерди бүгүнтөн тарта 14-ноябрга чейин тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтүшү керек.

Документтерин өз убагында тапшырбаган же толук бербегендер сынактан четтетилет.

Облустар боюнча Ысык-Көлдө 17, Нарында 10, Чүйдө 59, Таласта 14, Жалал Абадда 105, Ош облусунда 101 ваканттык орун бар.

Бишкек, Ош шаарларында жана Баткен облусунда конкурстун үчүнчү айлампасын өткөрүү жакынкы күндөрү белгилүү болот.