Ош жана Жалал-Абаддын тургундары эми Ысык-Көлгө бир саатта эле жете алат

Ош жана Жалал-Абаддын тургундары эми Ысык-Көлгө бир саатта эле жете алат. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, түштүк калаалардан кыргыз берметине түз аба каттамдар ачылды.

 

Оштон каттамдар жумасына 3 ирет аткарылат – шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү. Ал эми Жалал-Абаддан эки жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү. Алгачкы учактар Ысык-Көлгө 18-июнда бет алат.