Ошто аз-камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Ошто аз-камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей,

 

“Алтын балалык” санаторийинде 25 бала эс алат. 10 күн бою аларга медициналык, кайра калыбына келтирүү боюнча жардам көрсөтүлөт.

 

Жалпысынан бул жайда Ош мэриясы аталган эс алуу жайына 50 баланы жөнөтүү ниетинде. Экинчи партия көл жээгине 29-июнда жөнөп кетет.