Чехияда температуралык рекорд катталды

Чехияда температуралык рекорд катталды. Соңку 300 жылда алгачкы жолу Прагадан алыс эмес жайгашкан Ржеж кыштагында аба табы 39 градуска чейин ысыды.

ТАСС маалымдагандай, Чехиянын ордо калаасында жана анын аймагында “тропикалык түндөр” катталууда – түнкү убакта температура мамычалары 20 градустан төмөндөбөй жатат.

 

Синоптиктер мындай аба-ырайы дагы бир нече күн сактала турганын белгилешти.