Баткен шаарында текстиль фабрикасынын курулушу уланууда.
Калаа мэри Мамыржан Рахимов билдиргендей, фабрика 2,5 гектар жерге салынып жатат.
Долбоордун жалпы сметалык баасы 6 миллион доллар. Декабрь айына чейин сырткы
жумуштары толугу менен аяктайт. Курулушка керектүү жабдуулар
Европадан алынып келинет. Курулуш иштери 2021-жылы аяктайт.