Жылдын биринчи кварталында бюджеттин көлөмү 121 миллиард сомду түздү

Быйылкы жылдын биринчи кварталында мамлекеттик бюджеттин көлөмү 121 миллиард сомду түздү. Novosti.kgге Каржы министрлигинен такшаткандай, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30 пайызга же 28 миллиард сомго көп.

 

Бюджеттин киреше бөлүгүнүн жалпы көлөмү 74 миллиард сомдон ашып, план 110 пайызга аткарылды. Былтыркыга караганда жалпы кирешенин көлөмү дээрлик 25 пайызга өстү.