Кыргызстанда “Социалдык пособие” алып жүргөн майыптардын жөлөк пулу дээрлик 2 эсе көбөйтүлдү. Бул тууралуу кененирээк Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
“Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө 199 миң майыптар бар. 2021-жылдын 1-октябрынан баштап 50 пайызга пособиенин өлкөмү көбөйтүлгөн. 1-январда дагы 100 пайызга көтөрүлгөн. Мисалы, 1-топтогу майыптар буга чейин 4 миң сом алышса, эми жарлыктын негизинде 8 миңге чейин көбөйдү”
Эске салсак, президенттин жарлыгына ылайык, айрым жөлөк пулдар 1-июндан тарта 300 сомдон 3 миң сомго чейин жогорулатылат.