Материалдык резервдер фонду  20 миң тоннадан ашык буудай сатып алды

Материалдык резервдер фонду  20 миң тоннадан ашык буудай сатып алды. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, дан үчүнчү класстан төмөн эмес жана жабышчаактык деңгээли 23 пайызды түзөт.

 

Дыйкандардан буудай сатып алуу уланууда. Эске салсак, Кыргызстанда ун жана буудайды өлкө аймагынан чыгарууга убактылуу тыюу салынган.

 

Бул республикада азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана ундун баасын туруктуу сактоого багытталган чара.