Белгилүү кыргыз балбаны Акжол Махмудов Германияда өтүп жаткан Дүйнөнүн үч жолку чемпиону Франк Штеблер менен коштошуу турниринде жеңилүү ызасын тартып калды.
Ал бул турнирде 2016-жылы Ригада өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын байгеге ээ болгон германиялык Айзеле Паскаль аттуу балбан менен кез келип, 9:6 эсебинде жеңилип калды.
Турнир 18-20-июнь күндөрү Германиянын Людвигсбург шаарында өтүүдө.