Парижде расмий түрдө Олимпиада айылы ачылды. Бул жайда кыштак бүткүл дүйнө жүзүнөн келген 15 миң спортчуну жана делегация мүчөлөрүн кабыл алат. Курулуш иштери белгиленген мөөнөттө – оюндардын башталаарына 5 ай калганда аяктады.
Ал эми эко-айылды куруу үчүн француздар 7 жылдык эмгек жана 2 миллиард евро жумшашты. Ири комплекс 52 гектарды ээлеп, 82 имарат, 3 миң батир жана 7 миң 200 бөлмөдөн турат.