Кыргызстанда жашоо минимуму 7 миң 242 сомду түздү.
Үчүнчү кварталдын маалыматы Улуттук статистикалык комитет тарабынан берилди.
Аталган мекеме 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 13,5 пайызга өскөнүн белгилейт.
Эске салсак, жашоо минимуму тамак-ашка, азык-түлүк эмес товарларга, кызмат көрсөтүүлөргө жана салыктарга бир айлык чыгашалардан турат.
Бул жерде адамдын башка көптөгөн муктаждыктары эске алынбайт.