Кыргызстанда доллар курсу акырындап төмөндөп баштады

Кыргызстанда доллар курсу акырындап төмөндөп баштады. Бүгүнкү күндө ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары жана коммерциялык банктар америкалык валютаны 80 сом 60 тыйындан сатып алып, кайра 80 сом 70 тыйынга сатышууда.

 

Эске салсак, буга чейин Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов доллар куну жакынкы күндөрү турукташат деп ишендирген болчу. Доллар өткөн жумада бир катар фактылардан улам кескин кымбаттап баштаган.