Украинада атайын операция учурунда жабыр тарткан россиянын аскер кызматкерлерине
акчалай жардам берилет. Президенти Владимир Путин билдиргендей, каза тапкан аскердин
үй-бүлөсүнө бир жолку 7,5 миллион рубль жөлөк пул төлөнөт. Андан тышкары, үй-бүлө
мүчөсүнүн ар бирине ай сайын акчалай компенсация берилип турат. Ошондой эле келишим
боюнча кызмат өтөп жаткан аскер жаракатынан эмгекке жараксыз деп табылса, ага бир жолу
төлөнчү 3 миллион рубль берилет. Эгер майып болуп калса ай сайын компенсация алып турат.